Коомдук аферта
КООМДУК АФЕРТА
Бул коомдук аферта, жеке
ишкер Кыргызалиев Мелисбек Абдыллабекович, мындан ары “Дүкөн ээси”, ошондой эле колдонуучу
“Колдонуучу” ортосунда www.tegirmen.kg интернет баракчасы аркылуу
ишке ашкан сатуу жана сатып алуу мамилелерин жөнгө салат.
Ушул макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесине ылайык, коомдук
оферта болуп саналат, анын шарттарын кабыл алуу (акцепт) – бул макулдашууда
көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу болуп эсептелет.
www.tegirmen.kg сайтында жайгаштырылган
маалыматтар колдонуучуларды товар жана өзгөчөлүктөрү менен таныштыруу максатында
гана берилип жеке колдонууга арналган.
1. Терминдер
1.1. Ушул макулдашуу Дүкөн ээси жана Колдонуучу ортосундагы
мамилелерди жөнгө салат жана төмөнкү түшүнүктөрдү камтыйт:
1.1.1. Оферта – ушул документ, келишим www.tegirmen.kg
сайтында жайгашкан;
1.1.2. Акцепт – Колдонуучунун
Сайтта каттоодон өтүү жолу менен офертанын шарттарын толугу менен жана
каршылыксыз кабыл алуусу;
1.1.3. Дүкөн ээси
– ЖИ Кыргызалиев
Мелисбек Абдыллабекович;
1.1.4. Колдонуучу – 18 жашка
толгон, укук жөндөмдүү жеке жак, офертанын шарттары менен макулдашууну кабыл алган;
1.1.5. Интернет-дүкөн – www.tegirmen.kg сайты;
1.1.6. Товар(лар) – Кыргыз
Республикасынын аймагында автордук
укук ээси тарабынан сатылуучу эл керектөөсүндөгү азык-түлүк жана азык-түлүк
эмес товарлар;
1.1.7. Контент – текст, сүрөт,
аудио-видео түрүндөгү маалымат, негизги сайтта жайгашкан маалымат;
1.1.8. Буюртма – Колдонуучу тарабынан сайттан
тандалган товарлар
үчүн өтүнүч;
1.1.9. Товар баасы – сайтта
көрсөтүлгөн баа;
1.1.10. Алыстан сатуу –
Колдонуучунун товар
менен түздөн-түз таанышпастан, сайттагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн келишим
аркылуу товар сатып алуу;
1.1.11. Каттоо – Сайтта өздүк
маалыматтарды көрсөтүү аркылуу каттоодон өтүү;
1.1.12. Өздүк маалыматтар – каттоо
жана заказ берүү маалында Колдонуучу тарабынан ыктыярдуу берилген жеке
маалыматтар (аты-жөнү, дареги, телефон, email ж.б.);
1.1.13. Аккаунт – Колдонуучунун
жеке кабинети, Сайттагы жеке интерфейс жана сатып алуу инструменттери менен
камсыздалган бөлүк;
1.1.14. Жеткирүү кызматы – Товарды
жеткирүү жана зарыл болсо төлөм алуу боюнча кызматтарды көрсөткөн үчүнчү тарап;
1.1.15. Купуялык саясаты –
Колдонуучунун өздүк маалыматтарын иштетүү боюнча Дүкөн ээси алган
милдеттенмелерди жөнгө салган жобо;
1.1.16. Тараптар – Дукөн ээси жана Колдонуучу.
2. Жалпы жоболор
2.1. Бул Макулдашуунун негизинде Дукөн ээси Колдонуучуга сайт аркылуу товар сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
2.2. Сайтта катталуу аркылуу Колдонуучу
бул Макулдашуунун жана башка документтердин бардык шарттарына макул болот.
2.3. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын
Жарандык кодекси жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамга
ылайык түзүлгөн.
2.4. Товарлар сүрөттөр жана тексттик
маалымат менен көрсөтүлгөн. Сүрөттөр товарлардын чыныгы көрүнүшүнөн
айырмаланышы мүмкүн.
2.5. Дукөн ээси ушул шарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат. Колдонуучу ар бир буюртма бергенде шарттар менен таанышып чыгууга милдеттүү.
3. Колдонуучунун каттоосу
3.1. Буюртма берүү үчүн Колдонуучу
Сайтта катталып, Макулдашууну кабыл алышы керек.
3.2. Каттоо маалында көрсөтүлүшү зарыл болгон маалыматтар:
· Аты-жөнү
· Жеткирүү дареги
· Email дарек
· Телефон / Ватсап номери
3.3. Дүкөн ээси каттоодогу
маалыматтардын тууралыгына жооп бербейт.
3.4. Колдонуучу логин жана сыр сөзүн
үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүү. Коопсуздук бузулганда, дүкөн ээсине дароо кабарлоо
керек.
3.5. Бир гана жолу катталуу мүмкүн. Каттоодон кийин
Колдонуучу товар буюртма
берүүгө жана кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат.
Каттоо акысыз.
3.6. Буюртма берүү үчүн Колдонуучу логин
жана сыр сөзү менен авторизациядан өтүүсү абзел.
4. Буюртма берүү
4.1. Колдонуучу товарды жана
жеткирүү/төлөм шарттарына
ылайык сайттан
буюртма берет.
4.2. Буюртма – Колдонуучунун бардык
шарттарга макул экенин жана келишим түзгөнүн билдирет. Ар бир буюртмага уникалдуу номер берилет.
4.3. Буюртма келип түшкөндөн кийин оператор Колдонуучу менен 24 саат аралыгында байланышат. Эгер белгиленген мөөнөттө байланыш
мүмкүн болбосо, буюртма
жокко чыгарылат.
4.4. Эгер буюртмадагы товар жетишсиз болсо,
оператор бул тууралуу 24
саат ичинде кабар берет. Колдонуучу макул болсо, калганын сатып алат, же толугу
менен жокко чыгарат. Берилген
мөөнөт ичкерисинде кардар менен байланыш түзүлбөсө–
буюртма
жокко чыгарылат.
4.5. Колдонуучу буюртманы оператор менен
байланышуу аркылуу өзгөртө же жокко чыгара алат.
Буйрутманы
жеткирүү жана төлөө
5.1. Товар курьер аркылуу жеткирилген учурда, товардын жалпы
баасына жеткирүү кызматынын наркы кошулат. Ар бир буюртманын жеткирүү баасы,
мөөнөтү жана убактысы жеткирүүнүн тандалган ыкмасына жараша жеке эсептелет.
5.2. Жеткирүүнүн баасы, мөөнөтү, убактысы жана башка шарттары
тууралуу маалыматты байланыш борборунун операторунан алууга болот.
5.3. Товар Буюртмада көрсөтүлгөн дарек боюнча колдонуучунун
өзүнө же ошол даректе болгон башка адамга жеке берилет. Колдонуучу товарды
ыйгарым укугу жок адам алганына байланыштуу доомат коюуга укуксуз.
5.4. Буюртма тапшырылганда, Колдонуучу товар өндүрүүчүнүн
таңгагына, ассортиментине, санына жана комплектациясына текшерүү жүргүзүшү
керек. Эгерде жеткирүүчү документтерге эскертүүлөрсүз кол коюлса, бул товарда
ачык көрүнгөн кемчиликтер жок экенин, жана товар Буюртмадагы тастыкталган
тизмеге толук дал келгенин билдирет.
5.5. Товар баасы Сайтта көрсөтүлөт. Эгерде товар баасы туура
эмес көрсөтүлсө, байланыш борборунун оператору мүмкүн болгон учурда
Колдонуучуга бул тууралуу билдирип, туура баа менен Буюртманы тастыктоону же
жокко чыгарууну сунуш кылат. Эгерде байланышуу мүмкүн болбосо, Буюртма жокко
чыгарылган деп эсептелет.
5.6. Сайттагы товар баасы укук ээси тарабынан бир тараптуу
өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок тастыкталган Буюртмадагы товар баасы өзгөртүүгө
жатпайт.
5.7. Товар үчүн төлөм төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлөт:
- Накталай
акча менен жеткирүү учурунда;
- Банктын
эсебинен, карта аркылуу же электрондук төлөм системалары аркылуу;
- Башка
накталай эмес төлөм ыкмалары аркылуу.
5.8. Мүлккө
болгон менчик укугу товар
колдонуучуга тапшырылган, товарга акысы толук төлөнгөн жана
тиешелүү документтерге кол коюлган учурдан тартып Колдонуучуга өтөт.
5.9.
Колдонуучу товар жана кызматты талаптагыдай сапатта жана көлөмдө алгандан
кийин, бул факт төлөм аркылуу ырасталат,
5.10.
Товарды талаптагыдай сапатта кайтаруу 3 күндүн ичинде гана мүмкүн жана товардык
түрү, таңгагы, керектөөчүлүк сапаттары жана кассалык чеги сакталып турушу шарт.
- Мындай
кайтаруу учурларында жеткирүү наркы ушул Макулдашуунун 5.1-пунктуна ылайык
Колдонуучу тарабынан төлөнөт.
5.11.
Эгерде товарды алган соң жашыруун кемчиликтер аныкталса, жана алар байланыш
борборунун оператору тарабынан эскертилбесе же ал кабыл алуу учурунда
көрүнбөсө, Колдонуучу төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
- Ушул
эле маркадагы (моделдеги/артикулдагы) товарга алмаштырууну;
- Башка
маркадагы (моделдеги/артикулдагы) товарга алмаштыруу жана баасын кайра
эсептөө менен;
- Товардан
баш тартып, төлөнгөн сумманы кайтарууну.
5.12.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 699-беренесине ылайык, Буюртмадан баш тарткан учурда Колдонуучу
укук ээсине келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу менен гана кызмат көрсөтүү
келишиминен баш тартууга укуктуу. Ошондуктан, Колдонуучу товар жана жеткирүү
үчүн толук төлөм жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Сатып алуучулар үчүн маалымат
6.1.
Укук ээсинин толук аталышы жана дареги «Реквизиттер» бөлүмүндө жана сайтта: www.tegirmen.kg көрсөтүлгөн.
6.2.
Жеке кабинет ачып же Буюртма
берип жатып, Колдонуучу дүкөн
ээсине өзүнүн жеке маалыматтарын чогултуу, сактоо жана иштетүүгө макулдук
берет. Бул маалымат жеткирүү, буюртмаларды иштетүү, сатып алуу тарыхын түзүү максатында
колдонулат жана жеткирүүчү үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн.
6.3. Колдонуучу
сайтка катталгандан кийин электрондук почта жана телефон номерине маалыматтык
жана жарнамалык билдирүүлөрдү алууга макул болот. Эгерде андай билдирүүлөрдү
алгысы келбесе, өз алдынча жазылуудан чыга алат же укук ээси аркылуу билдирет.
6.4. Дүкөн ээси форс-мажор жана
контролдон тыш себептерден улам байланыш үзүлүшү, зыян же чыгымдар үчүн
жоопкерчилик тартпайт.
6.5. Дүкөн ээси Колдонуучунун же
анын логин-паролун колдонгон адамдардын келишимди бузганы үчүн жооп бербейт.
6.6. Товарды
туура эмес пайдаланган учурда келтирилген зыян үчүн дукөн ээси жоопкер эмес.
6.7.
Колдонуучу интернетти колдонуудагы тобокелдиктерди толугу менен өзүнө алат. 18
жашка чыга элек адамдар Колдонуучу боло алышпайт. Бул эрежени бузуу үчүн
алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жооп берет.
6.8.
Колдонуучу төмөнкү маалыматтардан кабардар:
6.8.1.
Спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу ден соолукка зыяндуу.
6.8.2.
18 жашка чыга элек адамдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат.
6.8.3.
18 жашка чыга элек адамдарга энергетикалык жана жеңил спирт ичимдиктерин
сатууга тыюу салынат.
6.8.4.
18 жашка чыга элек адамдарга тамеки продукциясын сатууга тыюу салынат.
7. Башка шарттар жана акыркы жоболор
7.1.
Бул Макулдашуу бардык Колдонуучулар үчүн бирдей.
7.2.
Колдонуучу менен дүкөн
ээси
ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
7.3.
Тараптар келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат. Эгерде
сүйлөшүү мүмкүн болбосо, маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
сотко өткөрүлөт.
7.4. Дүкөн ээси бир тараптуу түрдө
Сайттагы товарлар тууралуу маалыматты, ассортиментти, бааларды (төлөнгөн
товарлардан тышкары) жана жеткиликтүүлүктү өзгөртүү укугуна ээ.
7.5. Дүкөн ээси сайттын иши, кызмат
шарттары жана башка маалыматтар тууралуу Колдонуучуну дароо кабардар кылуу үчүн
автоматтык билдирүүлөрдү (эл.почта же смс) жөнөтүү укугуна ээ.
7.8. Дүкөн ээси бул Макулдашуунун
бардык пункттарын (же алардын бөлүгүн) алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүгө,
толуктоого же өчүрүүгө толук укуктуу. Жаңы редакция жарыяланган учурдан баштап
күчүнө кирет.
7.9.
Сайт аркылуу Буюртма
берип жатып, Колдонуучу төмөнкүлөрдү ырастайт:
- Товардын
өзгөчөлүктөрүн толук түшүнөт;
- Бардык
мүнөздөмөлөрү менен макул;
- Товарды
сатып алууга толук кызыкдар.
Дүкөн
ээси Колдонуучунун күтүүлөрүнө жооп бербегени үчүн жоопкер эмес.
7.10.
Бул Макулдашуунун кайсы бир пунктунун (же бөлүгүнүн) жараксыздыгы калган
пункттардын жарактуулугуна таасир этпейт.
8. Колдонуучунун каттоосун токтотуу
8.1. Дүкөн ээси Колдонуучу
келишимди бузганда анын аккаунтун бөгөттөп же өчүрүүгө укуктуу.
8.2. Колдонуучу
каалаган учурда өзүнүн аккаунтун өчүрүүнү талап кыла алат. Бул үчүн тиешелүү
өтүнүчтү укук ээси тарапка жөнөтүшү керек.
Реквизиттер:
ЖИ Кыргызалиев
Мелисбек Абдыллабекович
ИНН: 20206197700953, ОКПО:
30942550
ОАО
"КОММЕРЧЕСКИЙ БАНК КЫРГЫЗСТАН"
БИК:103001 Р/С: 1030120001937305
Кыргыз республикасы.
Чүй облусу. Аламүдүн р/у.
Таш-Дөбө а/а.
Юбилейное багбанчылык
бирикмеси.
Юбилейное-1 көчөсү,
Үй 15.